Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери Жанна Пралиева 25-майдан тартып кошумча карантиндик чаралар киргизилерин билдирди. Анын айтымында, эки же андан көп киши чогулган жерде беткап тагынуу эрежеси сакталат. Ошол эле маалда жашоочуларга ээн-эркин үйдөн чыгууга – парктарда сейилдөөгө, дачага барууга уруксат берилет.

Коомдук жайларда, анын ичинде коомдук транспорттордо беткап тагынуу, кол кап кийүү жана антисептикалык каражаттарды колдонуу талаптарын аткаруу зарыл. Бүгүндөн баштап, борбор калаада бизнес адаттагы иш графигине өтөт. Мончо жана сауналар иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө, дем алыш күндөрү 9.00дан 21.00гө чейин гана иштейт.

Шаарда той-аштарды өткөрүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат. Кафе жана ресторандарда, мечит, чиркөө жана башка диний жайларда кишилердин саны 50дөн ашпоого тийиш. Жамааттык иш-чараларды, бүтүрүү кечелерин, акыркы конгуроо өткөрүүгө мурдагыдай эле чектөө киргизилген. Түнкү клубдар, укалоо жайлары жана СПА-салондор, спорттук комплекстер жана бала бакчалар азырынча иштебейт. Маалым болгондой, коңшу өлкөдө, коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 8322 кишиге жетти. Соңку бир суткада 403 кишиден вирус табылган.