Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, атап айтканда, коронавирус боюнча республикалардагы кырдаал, анын жайылышын алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек аралары менен байланышкан маселелер талкууланган.

Ошондой эле, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КР Премьер-министри М.Абылгазиев Өзбекстан Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин цементтин импортуна киргизилген чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүү өтүнүчүн билдирген.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абулла Арипов 2020-жылдын 23-майынан тартып Өзбекстанга цемент продукциясын ташып киргизүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Белгилей кетчү нерсе, коңшу өлкөдөн импорттолуп жаткан азык-түлүк жана башка товарлар республикабыздын аймагына штаттык режимде жана тоскоолдуктарсыз  киргизилүүдө.