Кытай COVID-19 эпидемиясы учурунда  АКШга баш аягы 12 миллиард коргонуучу бет кап экспорттогон. Бул тууралуу дем алыш күнү өткөн ар жылкы пресс-конференцияда Кытай Тышкы иштер министри Ван И мырза билдирген.

«АКШда эпидемия чыккандан тартып кытай өкмөтү менен бирге калктын ар катмарларынын өкүлү кайрымдуулук катары АКШга жардам берүү ниетин билдирип чыгышкан жана анын натыйжасында өтө зарыл болуп жаткан медициналык багыттагы товарлар жөнөтүлгөн. Маселен, Кытай АКШга бир эле бет каптын түрүнөн 12 млрд. даана жөнөткөн, бул бир америкалык жаранга 40 бет кап бергенге барабар», — дейт Ван И өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, — Коронавирусту жайылтып жибербей оозуктап калуусу керек болчу! — деп АКШ Кытайга кине коюу менен өткөн жумада коронавирустан өтө катуу жабыр тарткан өлкө катары Кытайдан 9 триллион АКШ доллары өлчөмүндө компенсация талап кылган.