Улуу Британия Өкмөтү 5G тармагын жайылтуу боюнча кытайлык Huawei компаниясынын ролун чектөө, ал эми 2023-жылдан тартып британиялык байланыш инфраструктурасында анын продукцияларын толугу менен токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу  The Daily Telegraph гезити жазып чыккан.

Аталган гезиттин билдирүүсү боюнча Улуу Британия өлкөсүнүн премьер-министри Борис Жонсон АКШ президенти Дональд Трамп менен жакынкы араларда болуп өтүүчү жолугушууга карата мына ушундай позицияны карманып жаткандай. Өткөн жума күнү британиялык премьер-министрдин канцеляриясынан Жонсон  алдыда боло турган G7 саммитине баруу тууралуу ойлонуп жаткандыгын билдиришкен. Аталган саммит июнь айында өтүшү мүмкүн.  АКШ президенти Дональд Трамптын айтуусу боюнча ал Ак үйдө жана бетме-бет өтмөкчү.

The Daily Telegraph гезити билдиргендей ЕБ менен болгон соода-сатык тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик мүмкүн эмес экендигине байланыштуу  Жонсон үчүн АКШ менен соода-сатык макулдашуусун түзүү негизги маселелердин бири болуп саналат. Ошондой эле, премьердин мындай позицияны кармануусуна пандемия фонунда Европа өлкөлөрүндө КЭРге карата ишеним төмөндөп бара жатышы дагы таасир этүүсү мүмкүн.