Россиялык вирусолог Надежда Жолобак «ВечерняяМосква» гезитине берген маегинде COVID-19 вирусу учурунда суук тийүү өңдүү ооруларга каршы   кабыл алынуучу дарыларды ичүү туура эместигин айтты.

Аталган дарыларга нестреоиддик сезгентүүчүлүккө каршы дары-дармектер кирет. Алар: ибупрофен, аспирин, вольтарен, диклофенак жана напроксен. Вирусологдун айтуусу боюнча Франция жана Италиянын окумуштуулар тобу аталган дары каражаттары, тескерисинче организмдин вирусту кабыл алуучулук жөндөмүн жогорулатат.  Башкача айтканда, жогоруда саналып өткөн дары каржаттары коронавирус үчүн жагымдуу чөйрөнү жаратат. Мунун натыйжасында инфекция өпкөгө оңой өтүп, сезгентүүчүлүк процесске, өпкө кагынына жана альеолдордун жабыркашына алып келет.

Мындан сырткары, Жолобак ооруну басаңдатуучу каражаттар менен бардык эле анальгетиктер дем алууну кыйындатып, ар кыл патологияларды жаратаарын, андыктан дене табы жогорулаары менен дароо доктурга кайрылуу керектиген белгилеп өткөн.