Франциянын королевасы Мария Антуанеттанын жолго ала жүрүүчү сандыкчасы жана күйөөсү Людовика XVIнин коронациясы учурунда колдонгон жүз аарчысы дем алыш күнү өткөн тоорукта 60 миң долларга сатылган.

Өткөн аукциондун лотторунун бири болуп Мария Антуанеттанын сандыкчасы  саналган. Сандыкча жыгачтан жасалып, тери менен капталган жана капкагында майда мыктар менен шөкөттүлүп жасалган «Chambre de la Reine n°10» («Королеванын бөлөмү №10») — деген жазуусу бар болгон. Сандык алгач 8-10 миң еврого бааланып, соңунда 43 750 еврого сатылса, жүз аарчы  14,5 миң еврого сатылган.

Белгилей кетсек, Франция королу Людовик XVI  аялы Мария Антуанетта 1774-жылдын 10-майынан тартып Франциянын королевасы болуп таанылган. Француз революциясы башталгандан тартып революцияларга каршы кутумдардын дем берүүчүсү деп жарыяланган. 1815-жылы конвент тарабынан сот жообуна тартылып, гильотинде башы алынган. Кызыгы, ал өзү эшафотко чыгып, башын гильотинге коюп берген жана айрым эркектерге караганда өлүмгө тик карап, королева деген наамга татыктуу өлгөн.