
Белоруссия президенти Александр Лукашенко премьер-министр Сергей Румас менен сүйлөшүү учурунда Россиядан келүүчү табигый газдын баасын төмөндөтүү зарылчылгы тууралуу билдирди.
«Кечээ күнү мен Россия Европага табигый газды 70 долларга чейин: 65–68 доллардан сатып жаткандыгы тууралуу маалымат алдым. Ошол эле газды бизге Россия 127 доллардан сатууда. Муну кандай түшүнүүгө жана келечекте эмнеден үмүт кылууга болот…» – деген Лукашенко өз сөзүндө.
Ошондой эле, ал Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесин белгилеп жатканда россиялык газдын Белоруссияга караганда Германияга арзан сатылып жаткандыгына таң калып жаткандыгын кошумчалаган.