Чек арадан ок жеген жоокер Москвага жеткирилет

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерди Москвадан операция жасалат. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев 24-майда “Твиттерге” жазды.

“Бул маселе көзөмөлдө. Жоокердин апасы менен жолугушуу өткөрүлүп, операциянын эки варианты талкууланган. Бишкекте консилиум болгон. Дарыгерлер операцияны бул жактан жасай алышат. Бирок ата-энеси Москвадан деп суранууда. Чек аралардын жабыктыгына байланыштуу аны Москвага жеткирүү маселеси каралып жатат”,- деди ал.

Бейтаптын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Буга чейин дагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жарадар болгон жоокердин ал абалын сурап кайткан.