Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан пандемиядан улам көпчүлүк өлкөлөрдө жашоочулар жашоо образын эле эмес, жумуш орундарын өзгөрттүү менен профессияларын которууда. Алардын бири Испаниялык жаш жубайлар шаардын четинен үй алып тоок фермасын иштете башташкан. Алар өздөрүнүн тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүп, кандай тоокторду бакса болоорун айтып беришкен.

Тооктордун бир топ түрлөрү бар, алардын эң мыктысы Италия, Германия, АКШ жана Англияда багылат. Леггорн — деп аталган, эң көп кездешүүчү түрү, тооктордун эң мыкты сапаттарын камтыйт. Тооктун салмагы болжол менен 1-2 кг, негизинен ак түстө болот, бирок леггорнанын 20га жакын түс өзгөрүүлөрү белгилүү болгон. Бул тоок жылына 300гө жакын жумуртка бере алат. Жумурткалардын салмагы 55-58 гр жетет.

Хайсекс Браун — деп аталган тооктун дагы бир түрү бар. Анын жумурткасынын салмагы,63-70 гр болуп, жылына 280-360 чейин жумурткалайт. Булардын өңү күрөң түстө болот.

Ломан-Браун — бул порода немистер тарабынан багылган. Жыл сайын бир тоок 320га жакын жумуртка алып келе алат. Жумурткалар бир топ чоң, күрөң түстө жана салмагы 60-64 г түзөт, тооктордун түсү ачык күрөң. Тооктун салмагы 1,5 кг.

Хай Лайн — бул порода жакшы иммунитетке жана жогорку жашоого ээ. Бул канаттуулар ак жана күрөң түстөболушат. Салмагы 1,3-1,5 кг. Бул жумуртканын салмагы 60-65 граммды түзөт. Бир жылда 240тан 340ка чейин жумуртка берет.