Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элсине арналып, анын айкели Бишкек шаарында орнотулуп, жаңы курулган паркка ысымы ыйгарылган эле.

Парктын ачылышына аз гана убакыт болгону менен баатырдын ысымы жазылган эстеликтин тамгаларын айрым шаар тургундары такалап кетишкен. Бул тууралуу соцтармакта кызуу талкуу жаратты. Айрымдары айкел сапатсыз материалдан курулганын айтып чыкса, кээ бирлери шаары тургундарын сынга алды.

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жогоруда айтылган сындарга соцтармагы аркылуу жооп кайтырып, айкел кайрадан оңдолуп чыгаарын билдирди.

«Эч кимге күнөө койбойм. Жамандабайм. Биз бир нерсени чукулап кармалап көрүп анан бузуп алсак бирөөго шылтап баса беребиз. Мен ушундан тажадым. Анан ким жаман Мэрия жаман. Да кемчилик бар, бирок өзүң таза болуп туруп анан сында да. Эми башкача жазайбыз. Чукулап түшүрө албагандай кылып»,-деди Түлөбаев.