Борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова ИИМ ага доо коюп жатканын билдирди.

Маалым болгондой, буга анын өзгөчө абал учурунда коммуналдык кызматта иштегендерге жана ыктыярчыларга жолдо жүрүүгө өткөрмө кагаз алып бергенге жардамдашканы себеп болгон.

Бул туурасында ал: «Бул жапайычылык! Мен «Түндүкэлектр», Батыш РЭС, Бишкексууканал үчүн уруксат кагаз алганга жардам бергем. Мен түшүндүрмө берем, маселе жок. Өткөрмө кагаздар жардамга муктаждарга азык-түлүктөрдү жеткирген ыктыярчыларга, дарыгерлерди жумушка жеткирип, жумуштан алып кеткендерге берилген. Бир дагы пропуск туура эмес берилген эмес, мага доо коюп жатышат!», — деп айтты.