Бул жолку каарманыбыз жолдошуна нааразы болуп, эки жолго түшүүнү ойлоп жүргөн келиндин каты баяндалат.

Биздин 2 балабыз бар. Балам 5 ай болот. Жолдошум экөөбүз көп эле уруштук. Айрыкча боюмда болгондон баштап өзүм абдан кыжырым келе берчү болду. Ошондон улам күйөөмүн баскан турганы жакпай калып көп урушабыз. Кош бойлуу кезимдин 6-7 айларында кол көтөрүп тепкилеген. Бир нерсе десем эле «тилиң жаман. Кой дегенде койбойсуң»-дейт. Ооба өзүмда туура эмес кетирип көп сүйлөп алам. Бирок мени да түшүнүш керекда.

Ортодо түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 5 жылдан ашты мени эч жака алып чыкпады. Качан карабайын өзүм балдарды алып сейилдетип жүдөп, акчам эч нерсеге жетпей нерв болуп келе берем. Күйөөмүн айтышы боюнча ал бизди ээрчитип коомдук жайда, паркта, көчөдө жүрүштөн уялат экен. Эмнеге десем «балдар менен жүдөп жүргүм келбейт, алып барсаң өзүң жүдөп алып бара бер» дей берет. Мисалы боюмда болгондон баштап ар нерсе жегин келет эмеспи 2 айда бир шашлык алып берип алып 3 ай жегенини чыгарат эле. Эч нерсе да кыйратып алып бербеди. Уялат биз мене жүргөндөн. Кыскасы айтсам узун сөз болуп кетет.

Тамак-аш түгөнүп калганда сүйлөнүп атып алып келет. Кудайга шүгүр колунда бар. Бир нерсе жасайын десең таппайсын. Жегени тамагыбыз бар деп унчукпайм шүгүр дейм. Кыскасы көңүлүм ушундай калды. 9 ай ичи 5 жолу болдук, эми төрөп калып 5 айдан бери азырга чейин төшөктө боло элекпиз. Ушундай адатым бар көнүлүм калса, такыр жолобой коем. Ал кайра жалдырайт мен түртүп салам. Акыркы күндөрү бассам турсам ажырашып эле кетейин деген ой келип жүрөт. Өзү да көп айтып калды экинчи аял алам деп. Бизден жадаптыр кыскасы.

Азырда урушуп калсак «бир күнү өлтүрүп салам» дей берет. Нерв болгондо балдарын урат. Эмне деген жашоо билбейм. Ушул жыл ичи эс алуу эмне экенин билбедик. Төркүнүмө жөнөтөт болду. Аларрдыкына бара берип, келбе деп айтышты. Азыр башымды уучтам не кылышты деле билбей калдым.

Булак: kadam-media.kg