Коом

Пандемиядан улам байлар болуп көрбөгөндөй байыды

Пандемиядан улам байлар болуп көрбөгөндөй байыды деп жазат “Известия” басылмасы Пандемия учурунда акыркы эки айда дүйнөдөгү эң бай деп табылган 25 адамдын кирешеси коронавирус пандемиясына карабай 225 миллиард долларга өскөнүн, Forbes басылмасына шилтеме кылып “Известия” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, миллиардерлерге 23-марттан 22-майга чейин көз салган. Эң бай деп табылган 25 адамдын мүлкү учурда 1,5 триллионго жеткендиги болжолдонуп, дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгынын 16 пайызын түзгөндүгү айтылууда. Белгилүү болгондой, алардын ичинен эки айда Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг ири киреше тапкан. Анын байлыгы 31,4 миллиар доллардан 86,5 миллиард долларга чыгып, Facebook компаниясынын акцияларынын баасы 60 пайызга жогорулаган. Натыйжада Цукерберг жер бетиндеги бай адамдардын ичинде жетинчи орунду ээлесе, эки айда түртүнчү орунга чыккан.

Дагы бир миллиардерлердин катарында онлайн-соода менен алектенген Pinduoduo компаниясынын ээси Колин Чжэн Хуан эки айда 17,9 миллиард доллар таап, байлыгы 35,6 миллиард долларга жетти. Ал эми Amazon компаниясынын ээси Джефф Безос эки айда 29,9 миллиард доллар киреше көрүп, анын байлыгы 146,9 миллиардга чукулдаган.

Белгилей кетсек, ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башында турат. Кадимки Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин мүлкү 11,9 миллиард доллардан 106,5 миллардга, франциялык LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) компаниясынын генералдык директору Бернар Арнонун кирешеси 12,8 миллиард доллардан 94,1 миллиард долларга өссө, Berkshire Hathaway инвестициялык фонддун башчысы Уоррен Баффет 69,2 миллиарддын ээси болуп калды деп жазат басылма.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button