Коом

Кубатбек Боронов: “Коомдук жайларда жана унааларда беткап тагынбагандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт”

Эл көп топтолгон жерлерде, соодо түйүндөрүндө жана коомдук унааларда беткап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 25-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы келген кардарлардын беткап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуусу керек.

«Бүгүн, 25-майдан тарта шаар ичиндеги коомдук транспорттор жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан, коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл»

Булак: KyrgyzToday.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button