Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-май күнү Нарын облусунун аймагында 1650 чарчы метр имараттын ичи, 23 320 чарчы метр имараттын сырты жана 16 600 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 209,5 кг хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.