Коом
Бишкекте эркек киши 3-кабаттан кулап кеткен — ӨКМ
Свердлов районундагы Курулуш шаарчасы кичирайонунда жайгашкан үйдүн 3-кабатынан эркек киши (аты-жөнү такталууда), 1-кабаттагы курулушка кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Куткаруучулар жабыркаган жаранды түшүрүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылган.