Биз – кыргыздар Улуу Күндүн балдарыбыз. Ата бабаларыбыз ар күнү эртең менен эшикке чыгаары менен: «О, Улуу жана касиеттүү күн, сапарың байсалдуу болсун!» — деп эң алгач Күн менен учурашкан. Чынында эле Күн болбосо жерде жашоо жок. Эмесе, ошол жалпыбызга жарык чачып, өмүр тартуулап келе жаткан Күн тууралуу кызыктуу маалыматтар.

  • Күн негизинен гелий жана суутектен турат жана катуу кыртышка ээ эмес.
  • Бардык эле жылдыздардай Күн дагы өз атмосферасына ээ. Анын жогорку чеги Плутон орбитасынан дагы нары алыска кетет.
  • Күндүн салмагы бүтүндөй күн системасына таандык массанын 99,86 пайызын түзөт.
  • Күндүн тартылуу күчү Жер гравитациясынан болжол менен жыйырма сегиз эсе күчтүүлүк кылат.
  • Күндүн нурлары Жерге сегиз мүнөттө жетет.
  • Күн ядросунун температурасы болжол менен он беш миллион градусту түзөт. Анын кыртышындагы температуранын көлөмү болжол менен беш жарым миллион градус.
  • Күндүн болжолдуу курагы 4,6 миллиард жылды түзөт. Күн дагы 4-5 миллиард жыл жашайт деген божомолдор бар.
  • Күндүн магниттик талаасы Жердикине караганда эки эсе күчтүү.
  • Жердеги сууларга караганда Күндөгү суулар алда канча көптүк кылат.
  • Ватикан Жер чыны менен Күндү айланаарына 1992-жылы гана расмий моюндаган.
  • Жер күндү айланган сыяктуу эле Күн дагы өз кезегинде Саманчынын жолун айланып турат. Ал эми Күн болжол менен 240 миллион жылда бир жолу  биздин галактиканын борборун айланат.
  • Күн жараткан шамаалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 450 километрди түзөт.
  •  Ар бир секунд сайын Күн өзүнө таандык жети жүз миллион тонна заттарды күйгүзүп жок кылып турат.
  • Болжол менен бир миллиард жүз миллион жылдан кийин Күн жарыгы он пайызга жогорулайт, бул Жердеги бүтүндөй жашоонун кыйроосу менен коштолуусу мүмкүн.
  • Жердин күндү айланып турары тууралуу алгачкы гипотеза байыркы грек астроному Аристарх Самосскийге таандык. Бул гипотеза 18 кылым өткөндөн кийин гана Николай Коперник тарабынан илимий негизде далилденген.