Чүй-Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдүн курулушу боюнча ЖМКларда канча деген жалган маалыматтар тарап жатат, көбүнчө сот болордун алдында мындай маалыматтар көбөйүп, терс көз караштарды жаратууда. Мындай иштерди кимдер жасап жатат? Жообу оңой эле. Бул иштерди уюштуруп жаткан белгилүү чуулуу жактоочу жана бейөкмөтчү, бардык курулуштардын «акмагын чыгарган» (чындыгында аны ал жактан кууп жиберишкен) Эрик Ирискулбеков менен курулуш компаниясынан акча талап кылган үй комитети Эльмира Нурмамбетова, ошондой эле азыркы бийликтеги айрым чиновниктер. Өз каалаганын ала албагандан соң булар түз эле «үйдүкурдурбайбыз!» деп чыгышып, «силерге каршы каршылык акциясын өткөрөбүз!» деп эскертишкен. Мына эми административдик ресурсту, ЖМК, медианы кошуп, акция өткөрүп жатышат. Жана булар мэрия, шаардыктар үчүн кайгырып жатат деп ойлоп жатасыңарбы? Андай эмес. Курулуш компаниясын сотко мэрия эмес, Турак-жай ээлеринин шериктиги берген. Алар чөнтөк толтурууну максат кылышкан.

Башында бардыгы соонун башталган: кызыл китеби, жашоо үчүн турак-жай куру үчүн булл жер ылайык делген (Шаардык кеңештин1977-жылдагы токтому, 21.11.2006-жылдагы №805 генплан, жана жаңы генпландадагы — турак-жайкурууга болот), Шаардык кеңештен өткөн, бардык макулдашуулар болгон, курулушка уруксат алынган. Жылыштыруу иштери болгон жана булл райондогу бардык электротутумдар жаңыртылган, котлован казылган, үйдүн негизин түзгөн бетон төшөлмө жаткырылган. Мунун бардыгына 1500000 АКШ долларынын тегерегиндеги инвестициялык Түркиялык каражат коротулган. Бардыгы расмий, мыйзамдуу түрдө.

Бирок, бардыгы тура эмес делип, акция башталды. Бир карасаң, тура эмес сатып алуу болгон, болбосо тура жана мыйзамдуу түрдө сатып алынган. Бир карасаң,  булл жерде муниципалдык жол бар, а жол болсо жок болуп чыкты. Анан жашылдандырыла турган жердешти, ал дагы жок экен. Анан генпланда үй жок делди…. Үй болсо бар! Ушинтип канча жылдардан бери уланып эле келе жатат, ошол эле учурда сот отурумдарын жылдыруулар – келбей коюшат, оорупкалышат, жана дагы ушул сыяктуулар.

Ал эми кандай болсо дагы үй болушу керек! Жана буга миң деген себептер бар: биз, жашоочулар, каршы эмеспис, бардыгы мыйзамдуу, кооз, жаңыүй, инвестициялык каражат тартылган (бул мамлекет тарабынан колдоого алынат), 200дөн ашык жумушчу ордун түзөт (азыр бардыгы жумушсуз жана алардын үй-бүлөлөрү дагы жашоого каражаты жок калышты. Өлкөдө ансыз деле массалык жумушсуздук бар), бетон, кирпич, айнектагуу, электрик, сантехник ж.б. дагы иши токтоду.

Балким жетишеттир, жашоочулардын жасалма тизмесин түзүп, жасалма кол койдурган алдамчы үй комитети сыяктуу үй-кожейке-алдамчылардын бизди башкарып, көзбоёмочулук жасаган ыкокогожетти.

Биздин мамлекетибиз, Өкмот, сотторубуз мыйзам жана акыйкаттык «үчүн» деген ойдобуз!

А бул жерде дагы бардыгы мыйзамдуу!