Калкты таза суу менен камсыз кылуу – кыргызстандыктардын саламаттыгын сактоого багытталган улуттук долбоорлордун бири.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу – Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодо элге берген убадаларынын негизгиси.

Өлкө боюнча таза сууга муктаж болгон 822 айыл аныкталган. Анын ичинен, акыркы 3 жылда 107 айыл таза суу менен камсыз болду:

Чүй облусунда – 25 айыл;

Ысык-Көлдө – 21;

Ош облусунда – 29;

Жалал-Абадда – 20;

Баткенде – 2 айыл;

Таласта – 2;

Нарын облусунда — 8 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болду.

Бүгүнкү күнгө 588 айылда таза сууну киргизүү үчүн 33 млрд. сомдук финансылык булактар аныкталууда.

Таза суу долбоорун ишке ашырууга бюджеттик каражаттан тышкары эл аралык финансы институттарынын каражаттары да тартылууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евробиримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен 20 шаарыбызда 14 млрд 700 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны – кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат.

Ошондой эле, айыл жергесин таза суу менен камсыздоого Дүйнөлүк банк Азия өнүктүрүү банкы Ислам өнүктүрүү банкы Сауд өнүктүрүү фонду Катар кайрымдуулук фонду Ас-Сафа жана Ас-Салам фонддору жакындан жардам көрсөтүп жатышат.

Республикалык бюджеттен 2014-жылы таза суу меселесин чечүүгө 25 млн сом каралган болсо, 2018-жылы 350 млн сом, ал эми 2019-жылы республикалык бюджеттен калкты таза суу менен камсыз кылууга 500 млн сом каражат бөлүнгөн 2024-жылга чейин калган 715 айылда курулуш иштери бүтүп, инфраструктура жаңыланат.

Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот ТАЗА СУУ – КАЛКЫБЫЗДЫН БЕКЕМ САЛАМАТТЫГЫ.