Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 20
Нарын облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 2

Республика боюнча жалпы 1015 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-жылдын 26-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учур катталды:
Бишкек ш. – 12 + 4 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен
Чуй облусу — 4 + 3 Соль-Илецктен келгендерден
Ош облусу — 4
Нарын облусу — 8

Республика боюнча: 1468