Интерпол аркылуу издөөгө алынган Кыргызстандын жараны Райкуль Джапарова Нуркожоевна Польшанын аймагынан үстүбүздөгү жылдын 22-майында кармалып, КР Башкы прокуратурасы тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылган. Ага ылайык 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылуу менен, мүлктөрү конфискацияланып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ички иштер министрлиги тарабынан Райкуль Джапарова эл аралык жана Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р.Джапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагында кармалган. Эми Кыргызстанга алып келүү жумуштары жүрүп жатат.