Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдон COVID-19 табылгандан кийин, коронавируска каршы тесттен өтүүдөн баш тартты, деп билдирет Mash Telegram каналы.

Маалыматка ылайык, Нурмагомедовдун атасына коронавирус диагнозу коюлган соң, анын уулуна тест тапшыруу сунушталган, бирок ал баш тарткан.

Эске салсак, Нурмагомедов башында Махачкалада ооруканага жаткырылган, бирок абалы начарлагандан кийин, аны Москвага өткөрүп беришкен. Ал борбордогу клиникалардын биринде дарыланууда. Адистер анын абалы оор деп баалашууда, учурда ал дем алдыруу аппараты аркылуу деп алууда.