Өзбекстанда өзүнүн 13 жашар баласын 15 миң долларга сатууга аракет кылган эне кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, 19 — майда 43 жаштагы айым М.П Беруний ОВДсына кайрылып Кундуз аттуу айым 13 жаштагы баласын сатууга аракет кылууда деп кабарлаган.

Ошол эле күнү кечки саат 21: 00 жүргүзүлгөн оперативдүү иш чарадан соң Кундуздун үйүнөн 400 жана өзүнчө салынган 14,600 доллар табылган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө деп айтылат маалыматта.