Чет жердеги жарандарды поезд менен алуу келүүдө коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болот.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Айрым бейөкмөт уюмдар чет жакта жүргөн мекендештерибизди поезд менен алып келүү маселесин айтышууда. Бирок айтып кетиш керек, поезд менен алып келүүдө көп адамдар тыгыз байланышта болуп, ооруну жугузуп алуу тобокелчилиги жогору. Ал биз колдобой турган маселе болууда», — деди ал.