Кыргызстанга 1,2 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып жаткан товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областында “М.И.И.”, аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Volvo FH12” үлгүсүндөгү унааны чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшергенде чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 18560,5 кг желим ящиктерге салынган өрүк табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 1 205 820 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилген.