Нарын облусунда катуу шамалдын кесепетинин келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ак-Талаа районунда 25-майдын кечинде ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал Баетов айылындагы эки дүкөндүн жана бир ашкананын чатырын учуруп кеткен.

Ошондой эле,Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына дээрлик 25-27 метрге жеткен шамал катталган.

Шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатыры жана бир короодогу сарайдын 72 чарчы метр чатыры учуп кеткен. ӨКМ билдиргендей, бүгүн 26-май күнү кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.