Япон өкмөтү коронавирустун кесепетинен кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти. Алардын катарында Кыргызстан да бар.

РИА Новости билдиргендей, премьер-министр Синдзо Абенин пресс-конференциясында, баштапкы тизмеге 11 мамлекет кошулган: Индия, Пакистан, Бангладеш, Аргентина, Сальвадор, Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан. Бул чектөө пандемиядан улам кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, Япон Тышкы иштер министрлигинин сайтында кирүүгө тыюу салынган 188 өлкөнүн жана аймактардын толук тизмеси жарыяланган.