Камчаткада бийик имараттын чатырында оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан эки кыргызстандык мигрант кырсыкка кабылган. Облустук Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 1984- жылы туулган, эки эмгек мигранты 13 метрден ашык бийиктиктен кулап түшкөн.

Натыйжада алардын бири ошол жерден жан берген, экинчиси денесинен жаракат алып Камчатка аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлер азыр анын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат. Кырсык күндүз болгон. Алар коопсуздук шаймандары жок иштешкени аныкталган.

Тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында текшерүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Эмгек мигранттары эмне үчүн коопсуздук талаптарын сактабай иштешкендигин, бул үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилиги аныкталып, текшерүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.