Бүгүн, тагыраак айтканда, шешйемби күнү Европалык адам укуктары боюнча сот 2004-жылы киши колдуу болуп өлгөн армян офицери Гурген Маргарян боюнча өзүнүн токтомун чыгарат.

Белгилей кетсек, Маргарян 2004-жылы азербайжан офицери Рамиль Сафаров тарабынан өлтүрүлгөн. Сурак берип жатып ал Маргарянды балта менен бир нече жолу чаап өлтүргөнүн моюнга алган. Кылмыш болгон жылы экөө тең НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» деген программасынын алкагында Венгрияда билимин жогорулатып жатышкан. 2006-жылы Будапешт соту Сафаровду өмүр боюу эркинен ажыраткан. Сафаров түрмөдө сегиз жыл отурган, башкача айтканда 2012-жылы Будапешт аны Азербайжанга өткөрүп берген.

Кызыгы Азербайжанга келери менен ал президент Алиев тарабынан толук акталып, мамлекеттин эсебинен квартира алып, кызматы боюнча жогорулап гана тим болбостон түрмөдө отурган жылдары үчүн айлык маяна алган.