Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт. Бул тууралуу Спутник маалымат агенттигине, Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирген.

Анын айтымында, 27-мартта өкмөт 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ал документ 12-июнда күчүнө кирмек.

“Биз ал датаны июнь айынын башына жылдырууга укугубуз жок. Ал токтом 1-июлдан баштап иштейт. Эсеп-фактурасы бир айга чыгат. Эгер айды экиге бөлсөк, энергетика тармагында көйгөйлөр пайда болот. Ошондуктан жаңы тариф 1-июлдан тарта киргизилет”, — деди Айдарова.

Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):

Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);

Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөөрү каралган);

Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес). Башка тарифтер мурдагы бойдон калат.