Адамдын боюнунун узундугу АКШ аскердик-аба күчтөрүнө кызмат өтөөдө критерий болуудан калды. АКШ ААКнын окутуу жана учкуч кадрларды даярдоо боюнча командычылыгынын маалыматы боюнча аталган кызматка келин-кыздарды дагы тартуу үчүн  мындан ары бул чектөөлөр алынып салынат.

Буга чейин боюунун узундугу 162 сантиметрден кем эмес жана 195 сантиметрден ашпаган адамдар гана аскердик багыттагы учкуч боло алышчу. Мындан сырткары, медициналык стандарттар боюнча курсанттын боюу отурган калыбында 86 сантиметрден кем болбоосу керек эле.

Аскердик учактардын кабиналарынын көлөмү шарттуу түрдө алынган эркек адамдын көлөмүнө карата жасалып келгендиктен бул талаптар өз учурунда жүйөөлү болгон. Бирок, бүгүн аскердик авиацияга кызмат өтөйт элем-деген аялдардын дагы көп экендиги жана алардын  болжол менен 44% кабыл алынган нормаларга туура келбей калып жаткандыгы жогорудагыдай чечим кабыл алууга түрткү болгон.