Москвадан кош бойлуу аялдар жана жаш балалуу энелер Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу учуп жаткан мигранттар “коом.press» сайтына билдиришти. Алар кубанычтуу кабар менен бөлүшүп, президент Сооронбай Жээнбековго, элчи Жекшенкуловго жана көмөк кылган коомдук уюмдарга ыраазычылык жолдошту. Учактын ичиндегилер кол чаап рахмат айтышты.