Маданият министрлиги  Аймакты өнүктүрүү, санариптешүү жана балдарды колдоо  жылына жана 1-июнь  балдарды коргоонун эл аралык күнүнө 1– июнь балдарды коргоо күнүнө карата “Бактылуу” жумалыгын жарыялайт.

2020- жылдын 27-майынан 1-июнга чейин өтүүчү жумалыктын алкагында бир катар иш- чаралар республика боюнча өтүп, алардын жүрүшү өлкөдөгү маалымат каражаттары аркылуу берилип, социалдык медиалар аркылуу чагылдырылат.

Жумалыктын алкагында балдар күнүнө карата “Поэзия күнү”, “Жомок күнү”, “Сүрөт жана көркөм тасма күнү”, “Музыка күнү”, “Театр күнү” жана “Нур замандын балдары” аталышындагы майрамдык иш- чаралар онлайн форматында өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бардык бөбөктөрдү келе жаткан майрамы менен куттуктап, жумалыктын жүрүшүнө бардык жарандарды активдүү катышууга чакырат.