Бишкек шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, карантинге байланыштуу шаардык унаа токтотуучу жайларда иштеген кызматкерлер жумушка чыккан эмес. Андыктан убактылуу унаа токтотуучу жайларга унаасын токтоткон айдоочулардан акы алынган эмес.

«25-майдан баштап базарлардын ишине уруксат берилген. Жарандардын коопсуздугу үчүн «Бишкек унаа токтотуучу жайлар» муниципалдык ишканасы да ишин жандантты. Аталган ишкананын бардык кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган», — деп айтылат маалыматта.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жайгашкан көчөлөрдүн тизмеги:

1. «Ош» базары:

Бейшеналиева менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Чүй проспектисине чейин;
Кулиев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Киев көчөсүнө чейин;
Токтогул менен Жаш Гвардия бульварынан «Ала-Арча» дарыясына чейин;
Киев менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен Кулиев көчөсүнө чейин;
Павлов менен Чүй проспектисинин кесилишинен Киев көчөсүнө чейин.

2. «Орто-Сай» базары:

Суеркулов менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен Юнусалиев көчөсүнө чейин;
Юнусалиев менен Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинен Безымянный көчөсүнө чейин;
Жукеев-Пудовкин менен Безымянный көчөлөрүнүн кесилишинен Суеркулов көчөсүнө чейин;
Орозбеков менен Фере көчөлөрүнүн кесилишинен Можайский туюк көчөсүнө чейин («Эски толчок» базары);
Ибраимов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Токтогул көчөсүнө чейин («Комфорт» базары);
Кулатов менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен Матросов көчөсүнө чейин;
Сүйүнбаев менен Чүй проспектисинин кесилишинен Огонбаев көчөсүнө чейин;
Огонбаев менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен Сүйүнбаев көчөсүнө чейин;
«Сары-Өзөн»