Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Нургазы Айдаров ант берет. Айдаровго депутаттык мандат кечээ, 26-майда тапшырылган. Белгилүү болгондой, ал Исхак Масалиевдин ордуна келди. Эске салсак, 21-майда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялаган. Ал коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп болуп жатканын айткан. Ошону менен катар эле ал парламентте, өкмөттө бардык депутаттарга бирдей мамиле болбой жатканын кошумчалаган. Нургазы Айдаров «Кыргызстан» фракциясынан депутат Салайдин Айдаровдун бир тууганы экени айтылууда.