Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парады коронавирус эпидемиясынан улам өтпөй калгандыгына байланыштуу, 9-майга пландалган парад жана «Өлбөс полктун» жүрүшү 24-июнда өтөөрүн, билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы иш-чарага даярдык көрүүнү баштоого буйрук берген. Путин «Өлбөс полктун» жүрүшүндө аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин айтып, аны 26-июлда, тагыраагы, Аскер-деңиз флотунун парадынан кийин өткөрүү пландалып жатканын белгилеген.