АКШ президенти Дональд Трамп Twitter социалдык тармагына президенттик шайлоолорго кийлигишип, ошондой эле сөз эркиндигин чектөөдө деген кине коюуда. Буга Твиттер тарабынан Дональд Трамптын кайсы бир айткан билдирүүсүн «жалган» – деп айтып чыккандыгы себеп болгон.
“Twitter 2020-жылы өтүүчү президенттик шайлоолорго кийлигишип жатат. Алардын оюу боюнча менин почта аркылуу добуш берүү коррупцияга жана фальсификацияларга жол берет – деп айтканым чындыкка коошпойт имиш!”, – деп жазып калтырган Трамп өз Twitter баракчасына.
Ал эми Twitter баракчага анын атынан ким жазаары тууралуу суроого: “Эртең менен кечинде өзүм жазам. Ал эми иштин көптүгүнө байланыштуу күндүзү мен үчүн аны жардамчым жазат” – деп жооп кайтарган.