150 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 22-июлга чейин камакка алынды. Бул туурасында райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 24-майда чыккан. Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүш аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.