Түштүк Кореяда бир суткада 40 адамдан вирус аныкталды Түштүк Кореяда акыркы суткада 40 адамда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 27-майда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору билдирди.

Борбордун маалыматы боюнча, 40 жаңы иштин 37и жергиликтүү, 3ү сырттан келгендер. Жалпы пандемиядан улам, республикада сакайган адамдардын саны 10 295 адамды (91,4%) түздү, 269 бейтап каза болуп, 11265 адам коронавирусту жуктурган.