Жакында Жумалиев Кубанычбек мага Чоң Казат кыймылынын видео кайрылуусунун алкагында Мамлекеттик коопсуздук жана экономикалык башкармалыгы тарабынан териштирилген иште анын кызыкчылыктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды, белгилүү болгондой депутат К. Жумалиев жана анын үй-бүлөсү мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда.

Жумалиевдердин мүлкүнө тиешелүү бардык документтерди карап чыгып, Сыймык Жапыкеевдин жана анын башка шериктештеринин видео билдирүүлөрүн иликтеп көргөндөн кийин, мен бул маселени көтөрүп чыгууну туура деп таптым, анткени Чоң Казаттын жеке өкүлдөрү Жумалиевдердин конституциялык жана жарандык укуктарын өз аракеттери менен олуттуу түрдө бузушууда. Андан тышкары, бардык документтерди дыкат иликтеп, Жумалиевдердин үй-бүлөсүнүн ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген же башка терс максаттарды көздөгөн ушактар интернетте жайылтылып жатат деген жыйынтыкка келдим. Кезеги менен токтолоюн: 1992-жылдан 2005-жылдын мартына чейин К. Жумалиев ар кандай мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана конституциялык мыйзамдары менен аныкталган жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2015-жылдан ушул күнгө чейин ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2005-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилде ишкердик жана илимий ишмердүүлүк менен алектенип келген.

Документтерге ылайык, К. Жумалиев 1992-2005-жылдары мамлекеттик кызматтарда иштеген мезгилде: Бишкектен бир батир жана Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан эки жер тилкесин алган. Сыймык Жапыкеев К.Жумалиевди мыйзамсыз, ал тургай кылмыштуу байыды деп күнөөлөйт, 50дөн ашык компанияга ээ, жүздөн ашык кыймылсыз мүлк, имараттар, ишканалар ж.б. бар дейт. Бирок мен алган документтерди изилдеп жатып, бул фирмалардын 90% ында ишкердик иш жүргүзүлбөгөнүн көрдүм, алардын көпчүлүгү эч качан коммерциялык иш жүргүзүшкөн эмес, Жумалиев менен эч кандай байланышы жок фирмалар бар. Бул компаниялар бир кезде жакшы ниет менен ачылгандыр, бирок ар кандай жагдайларга байланыштуу алар иштебей калган.

Бул жагдайлар расмий документтер менен тастыкталат, алар зарыл болгон учурда ГСБЭПке берилет. Учурда 50 фирманын 42си Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аркылуу жоюлуу процессинде турат, 8 фирма гана иштейт, алардын ичинен 4 фирма окуу жайлары. Албетте, К. Жумалиев иштебеген фирмаларды өз убагында жаап койсо туура болмок. Мен бул фирмаларды «өлүк» деп атайм, мындай иштебеген фирмалар өлкөдө жана Юстиция министрлигинин реестринде он миңдеп саналат. Эми биз Жумалиевдердин үй-бүлөсү менен байланышкан жана интернет-ресурстарда жарыяланган мүлктөрдү жана компанияларды талдап чыгалы. Мисалы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2/5 дарегинде жайгашкан имарат 2011-жылы К. Жумалиев ишкердик менен алектенген учурда жеке адамдан, Жумалиевдин Финанс-Кредит Банктан насыяга алган каражатына сатылып алынган. Андан кийин бул объект анын уулуна катталган. 2015-жылдын 18-июнунда бул жай жеке компанияга жакшы баада сатылган. Бардык салыктар, анын ичинде киреше салыгы төлөнгөнүн тастыктаган документтер бар.

«Чоң казат» видео кайрылуусунда К.Жумалиевди камкордукка алуу жана көзөмөлчүлүк органдарынын пикирин эске албастан саткан деп айыптоодо, бирок аталган объектини сатып алуу жана сатуу учурунда, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органы жоюлуп, иштебей калган. Белгиленген тартипте жашы жете элек адамдын жашаган жери боюнча жергиликтүү бийликтин макулдугу алынган. “Чоң Казаттын” видео билдирүүсүндөгү башка мүлктөрдүн жагдайы болжол менен бирдей. “Чоң Казаттын” видео билдирүүсүндө көрсөтүлгөн мүлк К.Жумалиев ишкердик менен алектенип, мамлекеттик кызматта болбогон мезгилде алынгандыгын белгилей кетким келет.

Каражат булактары насыя келишимдери жана башка бухгалтердик эсептер, ГСБЭПке зарыл болгон учурда бериле турган финансылык документтер жана Жумалиевдердин үй-бүлөсү мамлекеттик кызматта жүргөндө алган мүлкү менен тастыкталат. К. Жумалиев мыйзамдуу түрдө иш алып барган, анткени мүлк алынган каражаттын келип чыгышынын документалдык далилдери бар. Ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзгөн бир нече компания К. Жумалиев ишкердик менен алектенип жаткан мезгилде пайда болгон. Алар депутаттык мандатты 2015-жылдын октябрында алганга чейин, белгиленген тартипте үчүнчү жактардын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилген. Бул жагдайлар расмий документтер менен дагы тастыкталды. «Таатан» соода борборуна келсек, бул объект Жумалиевдин үй-бүлөсүнө таандык эмес жана аны тастыктаган документалдык далилдер бар. «Чоң казат» кыймылынын айрым мүчөлөрү өз видео билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жана «Жеке маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун одоно бузууга жол беришкен.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет. Демек, мыйзам жана адам укуктары биринчи орунда турат жана туруш керек. Эч ким мыйзамды бузууга жол акысы жок! Документтерди карап чыккандан кийин, К. Жумалиев 2005-2015-жылдар аралыгында ар кандай багытта ишкердик менен алектенип, салыктарды жана башка социалдык жөлөк пулдарды төлөп, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумушчу орундарын түзүп жаткандыгын байкадым. «Чоң казат» кыймылы Жумалиевдер жөнүндө жеке маалыматтарды атайылап, башкача айтканда, ал коомго анын жардамы менен адамдын экономикалык, социалдык өзгөчөлүгүн аныктоого боло турган маалыматтарды тараткан.

Ушул Мыйзамдын 3-бөлүмүндө жеке маалыматтар аныкталат. Жеке маалыматтар — бул белгилүү бир адам жөнүндө жазылган маалымат, анын жардамы менен анын биологиялык, экономикалык, социалдык өзгөчөлүгүн түз же кыйыр түрдө аныктоого болот. Бул мыйзамга ылайык, жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүк чектелген жана жеке маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш иши козголот. Мындай шартта жоопкерчилик маселеси жеке маалыматтарды жайылтуунун мыйзамсыздыгы гана эмес (жеке маалымат Чон Казаттын колуна кантип түшкөн? Кызмат адамдарынын кайсынысы жеке маалыматтары бар документтерди өткөрүп берүүгө уруксат берген?). Жумалиевдин үй-бүлөсүнүн укуктары мыйзам менен корголгонуна байланыштуу, ыйгарым укуктуу органдар бул мыйзамсыз аракеттерге укуктук баа бериши керек.

Жумалиев К. ар-намысын жана ишкердик беделин коргоо үчүн сотко кайрылган. Эми С.Жапыкеев сотто К.Жумалиевдин мыйзамды бузуп, мыйзамсыз байыткандыгын далилдеши керек. Болбосо, Жапыкеевди жарандык жоопкерчилик күтөт. К. Жумалиевдин адвокаты катары мен “Чоң-Казат” кыймылынын мүчөлөрүн мыйзамсыз кайрылуулардан, айыптоолордон, жеке маалыматтарды жайылтуудан жана “күнөөсүздүк презумпциясы” принцибин сактоого чакырам.