Алар жумуш издеп чыгышкан Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон балдар Чүй облусунан табылды, деп билдиришти туугандары.

Алардын айтымында, 8-класста окуган эки мектеп окуучусу үч күн мурун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылында жоголгон.

«Алар Кара-Балта шаарына жумуш издеп келишкен. 24-майда үйдөн чыгып, дайынсыз жоголгон. Биз аларды өзүбүз издеп, 26-майда таптык. Алардын абалы жакшы », — дешти туугандары.