АКШ президенттигине талапкер демократ Джозеф Байден CNN  телеканалына берген маегинде Америка лидери Дональд Трампты «көк мээ!» -деп атаган.

Аталган телеканалдын журналисти: «Коронавирустан каза болгондорду  Эскерүү күнүнө байланыштуу салтанатта Байден бет капчан чыккандыгына карабастан Трампта бет кап болбогондугун, кийин ал Байдендин бет капчан сүрөтүн Твиттер баракчасына жайгаштыргандыгын айтып, муну менен ал сиздин саясий оппонент катары алсыз дегендей кылып жаткан жокпу?» -деген суроо узаткан.

Байден буга жооп кылып: «Ал, барып турган көк мээ…. Президент деген ар кимдин сүрөтүн чыгарып жиндилигин көрсөтпөй мамлекетти башкаруусу зарыл»-деп айткан.