Саясий чөйрөдө азыркы өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылгазиев дал ушул жумада отставкага кетери айтылып жаткан.

Премьер-министр да түйүнчөгүн түйүнүп, куржундарын жыйнап, чакан чөйрөгө «Этият болгула, документтерди жайына келтиргиле. Бизге каршы көргөзмө берчү кишилер болсо азыртадан сүйлөшүп баштагыла» деп такилиптешип тарашкан. Ошону менен отставка маселеси бир беткей чечилип калгандай болгон.

Тилекке каршы, бажасы Иманкадыр Рысалиев тез арада «сени отставкага кетиргенче өз каалооң менен убактылуу эс алууга чыгып тур, актанганга жакшы, коомчулукка мыйзам сыйлаган киши болуп көрүнөсүң» деген кеңешин берген. Дал ушул кенештен кийин Абылгазиев жыштык ишине байланыштуу убактылуу кызматын тапшырды…