Алмазбек Атамбаев саясий кеңештин мүчөлөрүнүн КСДПнын бөлүнүшү жөнүндө жазган каттарына эч кандай реакция жасаган жок. Бул тууралуу журналисттерге Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, ал жана саясий уюмдун жетекчилигинин башка өкүлдөрү адвокат аркылуу УКМКнын тергөө изоляторуна өлкөнүн мурунку президентине жана КСДПнын негиздөөчүсү Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошкон.

“Биз ага саясий уюмдагы кырдаал жөнүндө, Ирина Карамушкина, Темирлан Султанбеков жана анын уулдары бизге айтпай туруп жаңы партия түзүшкөнү тууралуу билдирдик. Бирок эч кандай реакция болгон жок. Учурдагы кырдаалды Алмазбек Атамбаев менен жеке талкуулоого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ал менен адвокаттарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө гана жолугушууга болот” – деп билдирди Адил Турдукулов.

Белгилүү болгондой, Атамбаевдин уулдары Сеид жана Кадыр жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” партиясын түзүшкөн. Бирок, партиянын расмий түрдө ачылышы боло элек. Жаңы бирикмеде КСДПнын атрибуттары жана символдору колдонулат. Мурунку мамлекет башчынын уулдары 2020-жылкы парламенттик шайлоого катыша турганын билдиришкен.

Маалым болгондой, буга чейин депутаттар Р. Момбеков, А. Кодуранова, И. Карамушкина, К. Жолдубаевалар партиядан чыгып калганын айтып, социалдык тармактарда билдирүү таратышкан.