Блогер блокКоом

Жолдошум өлөт дегенде кайнагам сактап калды

Биз жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ынтымактуу элек. Бир жолу биздин жашообузду түп тамырынан өзгөрткөн окуя болду. Аз жерден билими тайкы врачтын айынан ажырашып кете жаздадык. Жашаганыбызга он жылдан ашып калган, ортодо үч балабыз бар. Экөөбүз жер алып там салып жаңы эле кирип жашап жатканыбыз.

Бир күнү жолдошум, боор тушун кармап, ооруп жатат деп доктурга бардык. Ал көрүп, байке абалыңыз оор, боордун шишик ооруусу. Чет өлкөдө операция жасалат деди. Эмне кылаары айласын таппай, үйгө келдик. Жолдошум болду үйдү сатып мен чет өлкөгө барам деди. Мен коё тур башка жолдору бар чыгар, араң квартиралап жүрүп үйгө жеттик, балдар менен кайда бармак элек дедим.

Ал болсо сен менин өлүп калуумду каалайсың, үй табылат го деп кыйкырык чуу түшүп урушуп жатабыз. Бир кезде улуу кайнагам келип калды. Баарын угуп коё тур менин бир тааныш врачым бар ошого да бир баралы деп калды. Эртеси жолдошум жайдары күлүп кирип келди. Атаң оозуна урайын тиги жаш врач адашыптыр, эч кандай операция кереги жок экен, байкемдин таанышы бул дарыны жазып берди, ушуну ичсем айыгат экенимин деди. Ошентип жолдошум дары ичип куландан соо сакайып кетти.

Отуруп кээде сүйлөшүп калабыз, ошол врачтын айтканын уксак баарынан айрылмак экенбиз деп. Балким биздей болуп, туура эмес дарылоонун азабын тартып, айга албай жүргөндөр бар чыгар деп да ойлоп кетем. Туура эмес дарыланып, оорусу өтүшүп кеткендер канча. Эмнеси болсо да үй бүлө бузулбасын, туура тамактануу менен өзүбүзгө кам көрүп , балдарга да витаминдер көп берем. Доктурга да кайрылуудан чочуп калдык.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button