Билим берүү жана илим министрлиги “Детство без диабета” коомдук бирикмеси менен биргеликте кызматташуу меморандумуна кол койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Документ жалпы билим берүү уюмдарында кант диабети менен ооруган балдарга квалификациялык медициналык жардам берүүнү көздөйт.

Меморандумга ылайык, Бишкек жана Чүй облусундагы 8 мектепте медициналык кабинеттер ачылат. Алар тиешелүү жабдыктар менен жабдылат (компьютер, муздаткыч, кант диабети боюнча методикалык колдонмолор ж.б.).

Мындан сырткары кант диабети менен ооруган балдар жана өспүрүмдөргө туура медициналык жардам берүү, медайымдарды консультациялоо, тегерек столдор жана түрдүү иш-чараларды уюштуруу мерчемделген.

Эң башкысы — бул медкабинеттерде башка оорулар менен ооруган балдарга да жардам берилет.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Детство без диабета” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарындагы төрт мектепте ушундай медициналык кабинеттерди ишке киргизген.