26-май күнү болжол менен 23:20 чамаларда Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБдин 102 кызматына кабар келип түшкөн. Ал кабарда ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинде белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаарат алып 1977-ж.т. А.С. аттуу атуул түшкөндүгү кабарланган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, кароо жүргүзгөн. Окуя болгон жерден маркасы белгисиз травматикалык ок атуучу куралдын атылган резина октору алынып, күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар чогултулган.
Топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинде 2020-жылдын 26-май күнү болжол менен саат 22:00 чамасында жабырлануучу А.С. аттуу жаранды өзүнө бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы 2 бала белгисиз ок атуучу курал менен аны көздөй 3-4 жолу атып жиберип, окуя болгон жерден издерин жашырып белгисиз тарапка качып кетишкендиги такталган.
Учурда аталган кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Кийин ал жарандын өздүгү такталып ал Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып, облустук клиникалык ооруканасында жатат.  Сапар Аканов — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган.