Өткөн жумада Улуттук банктын кызматкерлеринин биринен коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымы боюнча, учурдагы алгоритмге ылайык, ал дароо ооруканага жаткырылган.

Азыр кызматкер айымдын абалы туруктуу. Ал ооруканада дарыланып жатат.

“Протоколдорго ылайык, аны менен байланышта болгон 40 адам карантинге алынган. Бардыгынан тест алынды. Улуттук банкта коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары катталган жок. Имаратта дезинфекция жүргүзүп, коопсуздук эрежелери боюнча көрсөтмө бердик ”, – деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.