Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталгандыгы тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу «Sputnik Армения» агенттиги билдирген.

«Коронавируска байланыштуу өлкөдө өтө татаал кырдаал жаралды. Биз, бүгүн вирустун экинчи толкунуна кабылып отурабыз»,-деген Пашинян Өкмөт отурумунда.
Анын айтуусу боюнча бийлик вирусту кантип жокко чыгаруу жолдорун жакшы билет. Болгону үч эрежени сактоо зарыл: «Бет кап тагынуу, мезгил-мезгили менен колду жуу же дезинфекциялоо жана социалдык дистанцияны кармануу».

27-майга карата алынган маалыматтар боюнча Арменияда COVID-19 вирусу менен байланышкан жаңы учурлардын саны 7774кө жетсе, анын кесепетинен улам 98 адам каза болуп, 3255 адам сакайып чыккан. Ал эми 4377 адам ооруканаларда дарыланышууда.