Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчилиги алмашып, саясий кеңешинин курамы өзгөрдү. 27-майда партиянын басма сөз кызматы маалымат таратып, шейшемби күнү саясий кеңештин 24 мүчөсү катышкан жыйын өткөнүн, анда партиянын ичинде түзүлгөн кырдаал талкууланганын, эч кандай чечим кабыл алынбаганын билдирди:

«Партия жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова бул кызматтан баш тартып, аны Анвар Артыковго өткөрүп берди. Төраганын орун басарлык милдеттерин Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева да токтотту. Алар баары тең саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотту, бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калды. Төраганын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина саясий кеңештен да, партиядан да чыкты. Назгүл Мамытова саясий кеңештен кетти, бирок КСДПнын катарында калды. Саясий кеңештен жана партиядан Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев чыкты. Партиядан Кундуз Ажыбекова да кетти».

Эске салсак, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина 21-майда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына билдирүү жарыялап, Атамбаевдин уулдары жана партиянын бир бөлүгү «Социал-демократтар» деген жаңы партия ачышканын жарыялаган.